УКМК менен Башкы прокуратуранын курамына жетекчинин милдетин аткаруучулар тааныштырылды
136
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев УКМК менен Башкы прокуратуранын эмгек жамаатына жаңы жетекчилерин тааныштырды.
Адылбек Касымалиев УКМКнын төрагалык милдети жүктөлгөн Максат Асаналиевге жана кызматкерлерге кайрылып, президенттин тиешелүү чечимин окуп берип, жаңы жетекчинин алдында турган негизги мамлекеттик милдеттерди белгиледи.
Ал эми башкы прокурордун милдетин аткаруучу Малик Бектургановду эмгек жамаатка тааныштырып, кызматкерлерди мыйзамдуулукту так сактоого, коррупцияны жоюуга жана элдин көзөмөл органына болгон ишенимин арттырууга чакырды.
Өкмөттөн белгилешкендей, УКМКнын төрагасы кызматына дайындоо үчүн Максат Асаналиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18147