ЦУМдун жанындагы имаратты бузууга 2 апта берилди
RU

ЦУМдун жанындагы имаратты бузууга 2 апта берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги ЦУМдун жанындагы "Олд Бишкек" соода комплексин демонтаждап бүтүрүүгө эки жума убакыт берилди. Мындай тапшырманы калаа башчысы Айбек Жунушалиев жеринен койгон.

Шаар мэри "Олд Бишкек" соода комплексинин аймагына барып, имаратты демонтаждоо жана аймакты көрктөндүрүү боюнча иштер бүтпөй жатканын, инвестор ушул күнгө чейин өзүнө алган милдеттенмелерин аткара электигине нааразы болгон.

"Шаардын алдында алган милдеттенмелериңиздерди аткарбай туруп, ишкердик жүргүзүп жатасыздар", - деген мэр.

Эгерде эки аптада имаратты бузуу иштери аткарылбаса, анда аталган өтмөктө жайгашкан бардык соода түйүндөрүнүн ишин токтотуу маселеси каралат.

Ошондой эле соода түйүндөрүндө жашы жете элек өспүрүмдөрдүн эмгекке тартылганы аныкталгандыгына байланыштуу, Эмгек министрлигине мыйзамдардын сакталышын текшерүүгө жөнөтүүнү тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18149