Бир күндө 720 миңден ашуун жүргүнчү жол кирени электрондук түрдө төлөдү
Бишкекте коомдук транспорттордогу накталай төлөмдөр жоюлгандан кийин бир күндө 720 миңден ашык жүргүнчү электрондук төлөм жүргүздү. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Бишкек мэри Айбек Жунушаиев айдоочулар менен жолугушууда билдирди.
"Биздин жалпы милдетибиз - жаңы окуу жылы башталганга чейин жол кирени накталай эмес төлөө системасын толук ишке киргизүү. Кечээ эле 720 миңден ашуун жүргүнчү жол киресин накталай эмес ыкма менен төлөдү", - деди мэр.
Калаа башчысы накталай эмес төлөмдүн башкы артыкчылыгы - келип түшкөн каражаттардын толук ачыктыгында экенин белгиледи. Бардык кирешелер коомдук транспортту тейлөөгө жана жаңылоого, айдоочулардын айлык акысын жогорулатууга, транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана тармактын башка маселелерин чечүүгө жумшалат.
Мэр айдоочуларды жүргүнчүлөргө накталай эмес төлөмдүн тартибин сылык түшүндүрүүгө, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, ташуулардын коопсуздугуна өзгөчө бурууга жана кызматтык милдеттерин жогорку жоопкерчилик менен аткарууга чакырды.
Белгилей кетсек, 1-июлдан тартып жүргүнчүлөр жол кирени "Тулпар", Visa, Mastercard, "Элкарт" карталары, QR-код жана башка электрондук төлөм кызматтары аркылуу төлөй алышат.
"Тулпар" картасы жоктор Pay24 терминалынан бир жолку электрондук билет сатып алып, андагы QR-кодду автобустагы валидаторго тийгизип төлөй алышат.
