Улуттук илимдер академиясы "Э" жана башка тамгалар боюнча чууларга жооп берди
Акыркы күндөрү кыргыз тилинин жазуу эрежелерин өзгөртүү тууралуу сунуш социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда. Бул маселеге байланыштуу Улуттук илимдер академиясы расмий билдирүү таратты.
Анда 1 жарым, 2 жылдан бери Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясына көптөгөн кайрылуулар түшүп, анын негизинде 25-июнда Улуттук илимдер академиясында "Кыргыз тилинин жазуу эрежелери: учурдагы абалы жана өркүндөтүү маселелери" аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өткөнү белгиленет.
Кыргыз тилинин орфографиялык жана орфоэпиялык эрежелерин кайрадан иштеп чыгуу маселесин Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия толугу менен координциялады.
Улуттук тил комиссиясынын 2025-жылдагы тескемесине ылайык, 31 кишиден турган атайын эксперттик топ түзүлүп, орфографиялык эрежелерди иштеп чыгуу иш тартиби белгиленген деп айтылат маалыматта.
"Эксперттик топко өлкөнүн 7 облусу жана 2 ири шаарынын өкүлдөрү менен бирге Тил илими институтунун 2 кызматкери гана мүчө катары кирип, талкууларга катышкан.
Соцтармактарда нааразычылык жаратып жаткан тил эрежелери боюнча долбоорду Улуттук илимдер академиясы же анын курамындагы Тил илими институту эмес, атайын түзүлгөн эксперттик топ иштеп чыккан.
Ошондуктан аталган маселеге Улуттук илимдер академиясынын да, Тил илими институтунун да тиешеси жок экенин расмий түрдө билдиребиз", - деген академик Сыртпай Мусаев.
Белгилесек, окумуштуулар сунуштаган долбоорго ылайык, 36 тамгадан турган кыргыз алфавити сакталып, бирок, жергиликтүү кыргыз сөздөрүн жазууда 28 тамганы (а, б, в, г, д, е, ж, з, и, й, к, л, м, н, ң, о, ө, п, р, с, т, у, ү, ф, х, ч, ш, ы.) колдонуу каралган. Ошондой эле демилгечилер алфавиттеги "Э" жана "Е" тамгалары бир фонеманы билдиргендиктен, кыргыз тилиндеги сөздөрдү "Е" тамгасы менен гана жазууну сунушташкан. Мисалы: егемен (эгемен), елек (электен), емгек (эмгек), ене (эне), ерте (эрте).
Мындай сунуш коомчулукта сын-пикирлерди жаратып, кийинчерек талкууларга президенттин администрациясы чекит койгон. Анда мамлекет тарабынан кыргыз алфавитин өзгөртүү боюнча эч кандай чечим да, демилге да көтөрүлбөгөнү, кыргыз алфавити мурдагыдай эле 36 тамга бойдон өзгөрүүсүз каларын маалымдашкан.

