Өзгөндө тойдон кийин 40тан ашык адам ууланган
61
Ош облусунун Өзгөн шаарында сүннөт тойдон кийин массалык уулануу катталды. Маалыматты Kaktus.kg сайтына Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинен ырасташты.
Белгилүү болгондой, той 28-июнда болуп, айрым коноктор 29-30-июнда медициналык жардам алуу үчүн ооруканага кайрыла башташкан. Жалпы 49 адам кайрылган, арасында тойдон келген кешикти жегендер да болгон.
Тема боюнча:
Учурда ооруканада 11 адам жатат. Ал эми ресторан убактылуу жабылып, мекемеге айып пул салынды. Санитардык кызмат тарабынан эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүп жатат.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18168
