Көлдөгү пансионатта 30 адам тамак-ашка ууланган
13
Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде 30 адам тамак-ашка ууланган. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинен Kaktus.kg сайтына билдиргендей, алар семинардын катышуучулары болгон.
Маалыматка караганда, семинарга 41 киши катышкан. Анын ичинен 30 адамда 24-июнда уулануунун белгилери байкалган. Төрт адам ооруканага кайрылып, калгандары биринчи жардам алгандан кийин амбулатордук дарыяланууга кеткен.
Тема боюнча:
Текшерүүнүн жүрүшүндө санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузуу боюнча протоколдор түзүлүп, жалпысынан 21 000 сом өлчөмүндө айып салынганы маалым болду.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18144
