Бишкекте жүргүнчүдөн накталай төлөм алган айдоочу жумуштан алынды
RU

Бишкекте жүргүнчүдөн накталай төлөм алган айдоочу жумуштан алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасы автобустардагы накталай төлөм системасы жоюлгандан кийин рейддик иш-чара жүргүзүүдө. Анын жүрүшүндө накталай жол кире алган айдоочу аныкталып, кызматынан бошотулду дешет ишканадан.

Белгилүү болгондой, териштирүүнүн негизинде №38 автобустук каттамдын айдоочусу кызматтык тартипти одоно бузган деп табылган.

Эске салсак, 2026-жылдын 1-июлунан тартып муниципалдык автобустарда жол кире накталай эмес төлөнөт. Айдоочуларга накталай акча кабыл алууга тыюу салынган. Мындай мыйзам бузуу аныкталган учурда айдоочулар кызматынан бошотулат.

Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18173