Түндүк-Түштүк унаа жолу селден улам жабылды
RU

Түндүк-Түштүк унаа жолу селден улам жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түштү. Буга байланыштуу Балыкчы–Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылганын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

Учурда атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

Министрлик айдоочуларды убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга, жолдо этият болууга жана көрсөтмөлөрдү так аткарууга чакырат.

Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18174