Төө-Ашууда таш кулоодон жабыркагандар болгон жок
RU

Төө-Ашууда таш кулоодон жабыркагандар болгон жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Ош унаа жолунда 5-июлда таш кулап, бир тарабы убактылуу жабылган. Транспорт жана коммуникация министрлиги таш кулоодон жабыркагандар жок экенин маалымдады.

Таш кулоо 5-июлда саат 16:00 чамасында катталган. Саат 18:00гө чейин жол тазаланып, кулаган таштар алынган. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар болгон эмес.

Бишкек-Ош унаа жолундагы кыймыл учурда кадимкидей иштеп жатат. Министрлик бул участокто учурда эч кандай коркунуч жок экенин кабарлады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18181