Бишкекте баш кошкон түгөйлөр дарак отургузуу салтын баштады. Видео
RU

Бишкекте баш кошкон түгөйлөр дарак отургузуу салтын баштады. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте "Жаш жубайлардын дарак отургузуусу" экологиялык-социалдык долбоорунун алгачкы катышуучулары көчөт тикти. Мэриядан билдиришкендей, көчөт "Адинай" паркына отургузулду.

Түгөйлөр жаңы салтты баштап гана койбостон, борбор калааны жашылдандыруу ишине салым кошту деп айтылат маалыматта.

Көчөт отургузуу иш-чарасы "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын адистеринин катышуусунда уюштурулду. Адистер аймактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен көчөт отургузууга ылайыктуу жерди тандап беришип, мындан ары туура кам көрүү боюнча сунуштарын беришкен.

Буга чейин калаа башкармалыгы жаңы үйлөнгөн түгөйлөр үчүн экологиялык жана социалдык долбоор ишке киргизилип жатканын маалымдаган. Долбоор Бишкек шаарын жашылдандырууга, экологиялык абалды жакшыртууга жана жарандардын айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырууга багытталып, эки жаштын үй-бүлөлүк символу катары узак жылдар бою сакталат дешкен мэриядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18183