Казакстандык парфюмер Садыр Жапаровго арнап атыр чыгарды
20
Казакстандык парфюмер Гүлжан Тузельбаева Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго арнап атыр чыгарган. Ал социалдык тармактагы баракчасына эмгеги тууралуу айтып, аны президентке жеке өзү тартуулоону көздөп жатканын билдирген.
"Мен Садыр Жапаров үчүн парфюм даярдадым. Атыр Ысык-Көлдүн, өсүмдүктөрдүн жана Кыргызстандын гүлдөрүнүн жытын эске салып турат. Мен Францияда парфюмерия боюнча билим алгам. Апам кыргызстандык", - деп жазган ал.
Гүлжан айым Ысык-Көлдүн жээгинде эс алып жүргөндө Кыргызстандын президентине жолугуп, белегин тартуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн соцтармактын колдонуучуларынан жардам сураган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18184
