Мөңгүгө чыккан турист жаракат алып, ылдый түшө албай калган
RU

Мөңгүгө чыккан турист жаракат алып, ылдый түшө албай калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда россиялык турист жаракат алып, мөңгүдө калып калган. Куткаруучулар туристти ылдый алып түшкөнүн ӨКМдин облустук башкармалыгы кабарлады.

Маалым болгондой, 6-июлда Чоң-Жаргылчак капчыгайынын жогору жагындагы мөңгүдө 1993-жылы туулган Ф.А. аттуу аял (Россия Федерациясынын жараны) бутунан жаракат алып, өз алдынча ылдый түшө албай жардам сурап кайрылган.

Куткаруучулар жабыркаган аялды 4100 метр бийиктиктеги мөңгүдөн табышып, биринчи жардам көрсөтүп, тоодон түшүрүп, Каракол шаарындагы ооруканага жеткиришкен.

Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18190