Садыр Жапаров: Электрондук кезекке туруу процесси мүмкүн болушунча ачык-айкын болушу керек
RU

Садыр Жапаров: Электрондук кезекке туруу процесси мүмкүн болушунча ачык-айкын болушу керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июнда билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди.

Жолугушуу учурунда, мамлекет башчысы баланын инсан катары калыптанышындагы маанилүү этап болгон жетилүүнүн жана мектепке чейинки билим берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү концепциясын андан ары өркүндөтүүгө жана жүзөгө ашырууга өбөлгө боло турган артыкчылыктуу багыттарды, натыйжалуу уюштуруучулук жана педагогикалык шарттарды аныктоо зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, айрым ата-энелерден келип түшкөн арыз-даттанууларды эске алуу менен, Мамлекет башчысы мектептерде электрондук кезекке тургузуу тутумун өркүндөтүү, бул процессти мүмкүн болушунча, айрыкча, Бишкек шаарында натыйжалуу жана ачык-айкын жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

"Жалпысынан билим берүү системасынын деңгээлин жана ага болгон элдин ишенимин жогорулатуу өтө маанилүү. Ошондой эле негизги баалуулуктарды, руханий багыт жана ишенимдерди калыптандыруу үчүн жогорку адеп-ахлактуу инсанды тарбиялоонун принциптерин жана жолдорун ачууга жардам бере турган руханий-адеп-ахлакты өнүктүрүү боюнча предметтерди киргизүү зарыл", - деп баса белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1885