Батукаевдин иши боюнча: Атамбаевдин тарапташтары Жогорку соттун жанында митинг уюштурушту
RU

Батукаевдин иши боюнча: Атамбаевдин тарапташтары Жогорку соттун жанында митинг уюштурушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 30-ноябрда, Жогорку соттун жанында мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын митинги өтүп жатат. Ушул эле күнү кримавторитет Азиз Батукаевди бошоотуу иши каралмак

Митингге өзүн Бакай деп тааныштырган киши келип, Атамбаевге каршы чыга баштады. Ал ушунча жыл президент болуп жүрүп соттордо мыйзам бузуулар жүрүп жатканын билген, эми ошолордун бардыгына жооп берип жатат, деди. Эртели-кеч аны да жоопкерчиликке тартышмак, деп билдирди.

Атамбаевдин жактоочулары нааразы болуп, ал кишиге кол көтөрүү аракети да көрүлдү. Бирок милициялар кийлигишип, аны четке ээрчитип кетишкен.

Эске салсак, 2020-жылдын июнь айында Биринчи май райондук соту Атамбаевди КРдин Кылмыш кодексинин "Коррупцияны уюштуруу" 319-беренеси боюнча күнөөлүү деп табып, менчигин конфискациялоо жана мамлекеттик сыйлыктарды жокко чыгаруу менен 11 жыл 2 ай эркинен ажыратуу жазасына тарткан. Ошол эле учурда прокурорлор ага менчигин конфискациялоо менен 15 жылга кесилүүсүн талап кылышкан болчу. Август айында Бишкектин шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

Мурунку прокурор Индира Джолдубаевага сот 5 млн сом айып пул салды. Дарыгер Абдухалим Раимжанов "Кылмышты жашыруу" беренеси боюнча айыптуу деп табылды, бирок жазанын мөөнөтүнүн өтүп кеткендигине байланыштуу жоопкерчиликке тартылган жок.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы Калыбек Качкыналиев эки жылга эркинен ажыратылды. Аны камакка алуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу сот залынан эле бошотулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18