Бишкекте линияга чыккан маршруттун айдоочуларын милиция коштоп жүрөт
RU

Бишкекте линияга чыккан маршруттун айдоочуларын милиция коштоп жүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук милициянын кызматерлери иш таштагандр тараптан кол салууну алдын алуу үчүн линияга чыккан маршрутчуларды коштоп жүрүшөт.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, шаардыктарды 10 муниципалдык бус тейлеп жатат. Алар №227 маршрут менен жүрүүдө. Андан тышкары №131 маршруттун линиясы менен 11 машине иш алып барууда.

Жол кире мурункудай - 10 сом.

Эске салсак, 2-июнда маршрутканын айдоочулары иш таштап, Бишкекте транспорттук коллапс жаралган. Учурда борбор шаарда автобус, троллейбус жана "Манас" аэропорту, Ички иштер министрлиги, "Дордой" асоциациясы жана "Оптима Банк" ААК тараптан сунушталган транпорт каражаттары жүргүнчүлөрду ташып жатышат.

Ошону менен бирге мэрия маршруттун айдоочулары качан ишке чыга турганын билбейт. Ал эми шаардык кеңештин бир да депутаты болуп жаткан окуяга эч кандай комментрий бере элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1903