"Жерүй" Кыргызстандын бюджетине алгачкы миллиардын алып келди
RU

"Жерүй" Кыргызстандын бюджетине алгачкы миллиардын алып келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өндүруш старт алгандан тартып "Жерүй" Кыргызстандын бюджетине төлөнүүчү каражаттарды ай сайын жогорулатып жатат. Май айында "Альянс Алтын" жер иштетүүчү компаниясынан 219,7 млн сом келип түштү. Апрелде, өндүрүш старт алган айда компания 140 млн сом төккөн болчу.

Май айында "Альянс Алтын" компаниясы киреше салыгы боюнча төлөмдөрдү өз убагында төгүп, роялти үчүн төлөмдү жасап, жергиликтүү инфраструктуранын өнүгүүсүнө каражат которгон:

"Альянс Алтын" республикалык жана жергиликтүү бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдү да өз убагында төгүп жатты.

Маселен, мекемедеги кызматкерлердин келечектеги пенсияларын калыптандыруу үчүн жыл башынан бери Кыргызстандын Социалдык фондуна 55 млн сомго чукул каражат которулду. Киреше салыгы боюнча төлөмдөр 13 млн сомго жакын болду. 5 млн сомдон ашык каражат геологиялык лицензияларга төлөндү. 4 млн'дон ашык каражатты "Альянс Алтын" чек арадан унаа жана тиешелүү жабдыктарды алып кирип жатып бажы кызматына төлөдү. 2021-жылдын башынан тартып жер салыгына 1 млн сом төгүлдү.

"Жерүй" алтын кенинен түшкөн төлөмдөрдүн бардыгы Кыргызстандын мыйзамы тарабынан жөнгө салынат. Каражатты бөлүштүрүү жана алардын сарпталышын көзөмөлдөө Кыргызстандын өкмөтүнүн деңгээлинде тескелет.

Жергиликтүү бийлик бөлүнгөн каражатты максаттуу колдонуунун аткаруучусу катары болот.

Биринчи миллиард

Эске сала кетсек, Жерүй алтын кениндеги өндүрүш старт алганга чейин 2015-жылдан 2021-жылга чейин өндүрүштөн факт жүзүндөгү киреше жок болгонуна карабастан, "Альянс Алтын" тараптан төгүлгөн бюджеттик жана социалдык төлөмдөрдүн суммасы 923 млн сом болгон.

Баштапкы төлөмдөрдү эске алып, апрель айындагы 140 млн жана май айындагы 220 млн сомду кошкондо, өлкөнүн бюджетине төгүлгөн төлөмдөрдүн суммасы 1 миллиард сомдон ашып түшүп, 1 млрд 329 миллион сом болду.

Ага кошумча катары "Альянс Алтын" өзүнчө "Бакубат Талас" фондуна 600 млн сом которгон. Анын эсебинен Талас облусундагы социалдык долбоорлор каржыланып, кичи жана орто бизнеске пайыздык чени төмөн болгон насыялар берилип жатат.

Жалпысынан Жерүй кенин иштетүүдөн мамлекеттик бюджетке (республикалык + жергиликтүү) 4 млрд сомго чейин салык жана башка төлөмдөр төгүлүп турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1970