5-6 октябрь күндөрү жаракат алган бейтап кайра ооруканага кайрылды
RU

5-6 октябрь күндөрү жаракат алган бейтап кайра ооруканага кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Октябрь айындагы окуялар учурунда жаракат алган жаран кайрадан ооруканага кайрылган, себеби анын жараттары айыкпай жатат. Бул тууралуу Kaktus.media'га Бишкек Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунан билдиришти.

Борбордун маалыматына ылайык, бейтаптын жараты ачык болчу. Анын териси көчүрүлгөн (пересадка кожи), бирок үйгө чыгып кеткенден кийин деле жараты айыккан эмес. "Бейтапты антибиотик менен дарылап, жаратын таңып жатышат", - деп белгилешти.

Жалпысынан саламаттыкты сактоо мекемелерине 1250 адам кайрылган, алардын ичинен 279 киши госпитализацияланган. Бүгүнкү күндө Травматология жана ортопедия борборунда бир жабырлануучу дарыланууда, калгандары үйлөрүнө чыгып кетишкен.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/19