13 талапкер адвокаттык иш жүргүзүү укугуна ээ болду
RU

13 талапкер адвокаттык иш жүргүзүү укугуна ээ болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 10-июнда, Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссиясы адвокаттык иш жүргүзүүнү каалагандарды квалификациялык экзаменден өткөрдү. Мындай маалыматты ведомоствонун басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, экзаменге катышууга квалификациялык комиссиянын чечими менен 36 талапкерге уруксат берилип, анын ичинен 33 талапкер экзаменге катышууга келген. Компьютерлик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 13 талапкер экзаменден ийгиликтүү өттү.

Экзамен 110 суроодон турган компьютерлик тестирлөө форматында өткөрүлөт. 70 жана андан көп пайыз суроолорго туура жооп бергендер квалификациялык экзаменди берген болуп эсептелинет.

Квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган адамга Квалификациялык комиссия тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде Юстиция министрлиги тарабынан адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия берилет.

Квалификациялык экзаменден өтпөй калган талапкер, аны кайталап тапшырууга алты айдан кийин гана уруксат алат.

Экзаменди ийгиликтүү тапшырган талапкерлер:

  • Аманбеков Мидин Маратович;
  • Атамбиев Ырысбек Ырысалиевич;
  • Бобушев Сеит Рысбекович;
  • Ирсалиева Айдана Шамильевна;
  • Исатбек кызы Аида;
  • Керимкулов Марлен Бакытбекович;
  • Ким Алена Станиславовна;
  • Мамасалиева Махабат Мелисовна;
  • Музулманов Таалайбек Узенович;
  • Нажиев Шахсултан Орозмахаматович;
  • Саякова Махабат Карыевна;
  • Сырдыбаев Джалил Асанкулович;
  • Турсунбекова Асель Турсунбековна.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2014