Эверест чокусун багындырган Эдуард Кубатов эсиңердеби? Аны УКМКга суракка чакыртышты
RU

Эверест чокусун багындырган Эдуард Кубатов эсиңердеби? Аны УКМКга суракка чакыртышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эдуард Кубатов учурда УКМКда сурак берип жатат. Бул туууралуу Kaktus.media редакцисына күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, Эдуард Кубатов Centerra Gold Inc. компаниясынын мурунку кызматкери катары "Кумтөр" иши боюнча УКМКга сурак берүүгө чакыртылган. Учурда ал тергөөчүнүн кабинетинде. Маалымат булактын айтып бергендерине караганда, Кубатов "Кумтөр" иши боюнча бир нече күн мурун да сурак берген.

Эске салсак, Кубатов мындан мурун дүйнө жүзүндөгү эң бийик чокуну багындырып, мындай эрдикти ишке ашырган экинчи кыргызстандык жаран болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2018