Курман айттын болжолдуу датасы белгилүү болду
RU

Курман айттын болжолдуу датасы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын мусулмандар диний башкармалыгында Курман айттын болжолдуу датасын айтышты. Курмандыкка чалуу майрамы 20 же 21-июлга туш келет.

"Бул болжолдуу айтылган дата. Так күнүн бир жума калганда айтабыз", - деп муфтият комментарий берди. Айт намазын аянттарда окууга чектөө коюлар-коюлбасы дагы ошондо чечилет.

Курман айт орозо айы бүткөндөн кийин 70 күн өтүп майрамдалат.

Орозо айт быйыл 13-майда белгиленген. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам айт намаз аянттарда эмес, мечиттерде гана окулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2058