Дарыгердин кесиби - бул эрдик. Анткени жан аябаган эмгекти, күч-кубатты талап кылат
RU

Дарыгердин кесиби - бул эрдик. Анткени жан аябаган эмгекти, күч-кубатты талап кылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ала-Тоо эл аралык университетинде медициналык билим алуу кандай система менен жүрөт?

"Келечек алдын алуу медицинасынын артында. Бул илим, дарылоо медицинасы менен эриш-аркак жүрүп отурат, жана адамзатына пайда алып келе тургандыгы шексиз".

(Николай Иванович Пирогов, орус хирург жана анатом 1810-1881-жылдар)

АЭУнун медицина факультети 2016-жылы "Дарылоо иши" (Лечебное дел) кафедрасынан башталган. Билим берүү тили - англис тили. Бардык лабораториялык сабактар анатомиялык ачуу (анатомическое вскрытие) менен коштолуп, көп профилдүү лабораторияларда студенттердин жөндөмдөрү такшалат. 7-8 семестрлерда клиникалык курстар, ооруканалардагы клиникалык окутуу, алдыңкы адистердин көзөмөлү менен кошумча семинарлардан өтүү негизинен болочок дарыгердин теориялык билимдерине даярдыкты камсыздайт.

Төмөндө медициналык факультетте окуган студенттин интервьюсун келтирдик:

"АЭУдагы медицина факультети студенттин көз карашы менен"

Акылтай Маматов (Дарылоо иши):

- Азыркы тапта өз билимимди жалпы медицинага тиешелүү сабактар менен толуктап жатам. Окутуу алты жылга созулат. Лекциялар кызыктуу өтөт, анткени окутуучуларыбыз өз ишин мыкты билген, лекцияларга жогорку деңгээлде даярдык көргөн адистер. Андан тышкары жеке тажрыйбасы менен бөлүшүп, кеңештерди беришет. Эң кызыгы - биздин группада түркүн улуттардын өкүлдөрү окушат. Ар башка болгонубузга карабастан максатыбыз бир - бул коомго пайда алып келүү жана медицинанын мыкты адиси болуу.

Практикалык иштер жаңы аппарат жана технологиялар менен камсыздалган заманбап лабораторияларда өтөт. Андан тышкары биз борбор шаарыбыздагы ооруканалардан практика өтөбүз - бул алган билимдерибизди иш жүзүндө колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Биздин факультеттин беш артыкчылыгын эсептеп өтөйүн:

  • Сабактар толугу менен англис тилинде өтөт.
  • Заманбап лабораториялар менен камсыздалган.
  • Мугалимдер студенттерин ар тараптуу колдоп турушат.
  • Аудиториялар биздин ыңгайыбызга ылайыкталып, абдан комфорттуу.
  • Жакында ачылган менчик ооруканабыз бар.

Мугалимдердин колдоосу, бизди угуп, айткандарыбызга маани берип, кеңеш бергендери биз үчүн негизги ресуртардын бири болду. Теориялык билим ар дайым лабораториядагы практикалык сабактар менен коштолот. Андан тышкары, медицина аппараттары менен иштегенди үйрөнүп, керек болсо бактерияларды өстүрөбүз. Университеттеги сабактардан тышкары да билим алуу мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Билим алуунун негизги булагы электрондук китептер.

Алгачкы үч жыл теорияга басым жасалат, андан кийинки үч жылда жалаң практика болот, башкача айтканда сабактар медициналык мекемелерде өтөт. Мен бардык теориялык аспектилерди окудум, бул менин билимдерим үй бүлөлүк дарыгердин билимине тете дегенди билдирет, бирок азыр мага тажрыйба топтоо керек.

Медициналык кесип жооперчилик сезиминин жогору болуусу керек, анткени жумуш өтө оор. Кандай болбосун билим адамдан чыдамкайлыкты жана өжөрлүктү талап кылат.

АЭУга тапшыруу ЖРТдан алган упайлардын негизинде жүрөт.

  • 110 упай негизги тесттен;
  • химия менен биологиядан эң аз дегенде 60 упай;

Абитуриенттер жана алардын ата энелери АЭУга тапшыруу суроолору боюнча төмөнкү телефондор аркылуу кайрыла алышат:

+996 555 82 00 00;

+996 312 63 04 07;

www.alatoo.edu.kg

Дареги: Бишкек шаары, "Тунгуч" кичирайону, Анкара көчөсү, 1/8.

"Ала-Тоо" эл аралык университети - бул сиздин дүйнөгө болгон терезеңиз!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2174