Бишкектеги бакчалар жана мектептер үчүнчү чейректе ачылышы мүмкүн. Бирок бул так эмес
RU

Бишкектеги бакчалар жана мектептер үчүнчү чейректе ачылышы мүмкүн. Бирок бул так эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эгер COVID-19га туш болгон жарандардын саны көбөйбөсө, үчүнчү чейректен баштап Бишекетин бакчалары жана мектептери ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу брифинг учурунда Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Кубан Кундашев маалымдады.

"Жеке менчик мектептерге иштөөгө уруксат берилген. Бирок балдардын саны уруксат берилгенден ашпоого тийиш жана алтынчы класска чейинки окуучуларга гана офлайн түрүндө сабак өтүүгө болот, деген шарттар менен. Ал эми мамлекеттик окуу жайларда бир партада үчтөн окуучу отурат, бардыгын иштеп чыгуу керек", - деди ал.

Кундашевдин айтканына ылайык, мектептерди ачуу тууралуу чечимди муниципалитет эмес, республикалык штаб, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Билим берүү министрликтери кабыл алышат.

Вице-мэр Айжан Чыныбаева шаар ичиндеги имараттар эски, аларда вентиляция жок, ал эми мектептерде окуучулардын саны көп болгондуктан оору жугузуу коркунучу жогору экенин белгиледи.

"Мектептер эки-үч эсеге көп балдарды кабыл алып жатышат. Мындай шартта дистанцияны сактоо мүмкүн эмес. Биз, адамдар ооруп бүтүп, коллективдүү иммунитет иштелип чыгат, деп үмүттөнүп жатабыз. Анан кийинки чейректе мектептерди ачабыз. Бул чоң жоопкерчилик. Бардыгыбыз аны мойнубузга алышыбыз керек, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактап, маска кийип, аралыкты сактап, массалык иш чаралардан оолак болуу зарыл", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/21