Бишкектен Грузияга түз авиакаттам ачылат
RU

Бишкектен Грузияга түз авиакаттам ачылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек - Батуми түз авиакаттам ачылат. Мындай маалыматты Грузиянын экономика министрлиги берген.

Министрлик билдиргендей, Бишкектен Батуми шаарын көздөй чартердик рейс 18-июндан баштап жумасына бир жолу учуп турат. Авиакаттамды "Эйр Манас" авиакомпаниясы ишке ашырат. Белгиленгендей, Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы аба каттамы алгачкы жолу ачылып жатат.

"Эйр Манас" Kaktus.media'га байланышып, учуу күнү туура эмес жазылып калганын маалымдаган.

"Чындап эле Батуми шаарына чартердик рейс ачылып жатат. Бирок ал 18-июндан эмес 17-июлдан тартып уча баштайт. Билеттер жакынкы күндөрү сатыкка чыгат", - деп авикомпания маалыматты тактады.

Рейстер жаңы Airbus 220 учагы менен ишке ашырылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2223