Sinopharm вакцинасы Кыргызстанга июлдун орто ченинде келет
RU

Sinopharm вакцинасы Кыргызстанга июлдун орто ченинде келет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коронавируска каршы Sinopharm вакцинасын июль айынын орто ченинде Кыргызстанга алып келишет. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда өткөн брифинг учурунда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов билдирди.

"Кытайдан 150 миң доза алып келүү боюнча кызуу талкуу жүрүп жатат. Ал июлдун орто ченинде келет. Бардык сүйлөшүүлөр графикке ылайык өтүп, жаралган маселелер чечилди", - деп чиновник билдирди.

Белгилей кетсек, Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга вакцинаны май айында эле бөлүп берген. Бирок жеткирип берүү мөөнөтү улам жылып отурган. Негизги көйгөй - вакцинанын алып келе турган чартердик рейстердин жок болушу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2295