"Келечек-Будущее": "Бишкек шаарынын көйгөйлөрүн чечүү боюнча реалдуу пландарыбыз бар
RU

"Келечек-Будущее": "Бишкек шаарынын көйгөйлөрүн чечүү боюнча реалдуу пландарыбыз бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Келечек-Будущее" саясий партиясынын демилгеси менен Бишкек полигонунун аймагында "Келечек-Будущее", "Столица" жана "Улуу-Журт" партияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда дебаттар өткөрүлдү. Дебаттын жайгашуу жери кокустан тандалган эмес. "Келечек-Будущее" партиясы өзүнүн программасында шаардыктардын экономикалык жана социалдык маселелерин чечүүнү, анын ичинде таштанды полигонун тартипке келтирүүнү, аны рекультивациялоону жана таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу зарылчылыгын биринчи орунга коет.

Дебаттар үч тур менен өттү. Биринчисинде, тараптардын өкүлдөрү партияны тааныштыруу сөздөрүн айтышса, экинчи айлампа суроо-жооп форматында өтүп, анын жүрүшүндө ар бир партиянын өкүлдөрү экиден суроо беришти. Үчүнчү тур модератордун суроолоруна жооп берүүгө арналды. Дебат үч саясий партиянын лидерлеринин акыркы, жыйынтыктоочу сөздөрү менен аяктады.

Өзүнүн суроолорунда жана жоопторунда "Келечек-Будущее" партиясы учурдагы көйгөйлөрдү конструктивдүү талкуулоого жана аларды чечүү жолдорун табууга басым жасады. Тактап айтканда, шаардык мэриянын ишиндеги кемчиликтер жана аны оптималдаштыруу зарылдыгы боюнча суроолор берилди.

"Келечек-Будущее" партиясынын лидери Чыңгыз Макешов таштандыларды кайра иштетүүчү заводду тез арада куруу зарылдыгын белгиледи.

Ал, "Келечек-Будущее" партиясынын өз көз-карашы жана таштанды полигонун чечүү боюнча этаптуу программасы бар, атап айтканда, учурдагы таштанды полигонун рекультивациялоо, Чүй облусунда таштандылар сорттолуп, бир нече линиялар аркылуу кайра иштетүүгө жөнөтүлө турган заводдун курулушу", - деди.

Партия лидери ошондой эле бардык социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө - жарандардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо артыкчылыктуу багыт болушу керек деп кошумчалады.

"Урматтуу шаардыктар! "Келечек-Будущее" партиясына добуш бериңиздер! Биздин Бишкек шаарынын көйгөйлөрүн чечүү боюнча реалдуу пландарыбыз бар. Бизде конкреттүү даталар жана сандар жазылган этаптуу кадамдарыбыз бар. Биз иштөөгө жана инновациялык технологияларды киргизүүгө даярбыз", - деп кошумчалады партия лидери Чыңгыз Макешов.

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 90а. Буйуртмачы: "Келечек-Будущее" саясий партиясы. Партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джекшеналиев Д.Дж. тарабынан "Келечек-Будущее" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү.

Чыга турган күнү: 01.07.2021-ж. Нускасы: 1.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2329