Прокуратура органдарына кызматка алуунун жол-жобосуна жаңы технологияларды киргизүү керек
RU

Прокуратура органдарына кызматка алуунун жол-жобосуна жаңы технологияларды киргизүү керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты, "Келечек-Будущее" саясий партиясынын лидери Чыңгыз Макешов бүгүн, 30-июнда парламенттин отурумунда прокуратура органдарына кызматка алуунун жол-жобосуна жаңы технологияларды киргизүүнү сунуштады.

"Канча мыйзам жазсак да, алардын аткарылышы прокуратура кызматкерлеринен көз каранды. Ошондуктан жумушка алууда жаңы технологияларды киргизүүнү сунуштайм. Мисалы, ишке кирип жаткан адис калп детекторунун текшерүүсүнөн сөзсүз өтүшү керек деп ойлойм. Бул дүйнөлүк практикада өзүнүн натыйжасын берип жатат. Процедурасын мыйзам менен бекемдеп койсо болот", - дейт Чыңгыз Макешов.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Чыңгыз Макешовдун сунушун карап чыга турганын билдирди.

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 90а. Буйуртмачы: "Келечек-Будущее" саясий партиясы. Партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джекшеналиев Д. Дж. тарабынан "Келечек-Будущее" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү.

Чыга турган күнү: 01.07.2021-ж. Нускасы: 1.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2333