Дүйнөдө эмгек мигранттарынын саны дагы 5 миллионго өстү
RU

Дүйнөдө эмгек мигранттарынын саны дагы 5 миллионго өстү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эл аралык эмгек уюмунун акыркы баяндамасында келтирилген маалыматтар боюнча 2017-жылдан 2019-жылга чейинки мезгилде эл аралык мигранттардын саны 164 миллиондон 169 миллионго чейин өскөн.

ЖЕНЕВА (ЭЭУ жаңылыктары). Дүйнөдө эл аралык эмгек мигранттарынын саны 2017-жылга салыштырмалуу үч пайызга өсүп, 169 миллионго жетти. Бул тууралуу Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) акыркы маалыматтары эле айтып турат. 2017-жылдан бери жаш мигранттардын (15 жаштан 24 жаш курагына чейин) үлүшү дээрлик 2 пайызга же 3,2 миллионго көбөйдү. 2019-жылы алардын саны 16,8 млн. болгон.

Жаңы эле жарык көргөн "Эл аралык эмгек миграциясынын глобалдык баалоолору: натыйжалар жана усулдук" (ILO Global Estimates on International Migrant Workers: Results and Methodology) деген баяндамада 2019-жылы дүйнөлүк экономиканын ажырагыс бөлүгү болгон эл аралык эмгек мигранттары жалпы эмгек ресурстарынын беш пайызга жакынын түзгөндүгү белгиленет.

Ошол эле учурда, көпчүлүк эмгек мигранттары көбүнчө убактылуу, расмий эмес, кепилдиктерден ажыратылган негизде иштеп келишет, демек, коопсуздук, жумуш орундарын жоготуу жана эмгек шарттарынын начарлашы жагынан жогору тобокелчиликке да дуушар болушат.

COVID-19 пандемиясына байланышкан каатчылык алар үчүн, айрыкча эмгек акысы аз жана квалификациялуу эмес жумуштарда, анда да социалдык коргоонун толук мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу жана зарыл колдоону алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албаган, көбүнчө ылайык келбеген жумуштарда иштеген аял эмгек мигранттары үчүн тобокелдиктерди күчөтүп жиберди.

"Пандемия эмгек мигранттарынын абалындагы бардык туруксуздукту ачыкка чыгарды", - дейт Эл аралык эмгек уюмунун Эмгек шарттары жана теңдик департаментинин директору Мануэла Томеи (Manuela Tomei). - "Алар, адатта, жумуштан бошотууга биринчи талапкер, дарыланууга жетүүдө да кыйналышат, улуттук деңгээлде кабыл алынуучу COVID-19га каршы аракеттенүү чаралары аларга жайылтылбайт".

Киреше деңгээли жогору өлкөлөр эмгек миграциясынын негизги багыты бойдон калууда

Эл аралык эмгек мигранттарынын үчтөн экисинен ашыгы киреше деңгээли жогору өлкөлөрдө топтолгон. 169 миллион эл аралык эмгек мигрантынын 63,8 миллиону (37,7 пайызы) Европа жана Борбор Азияда иштешет.

Дагы 43,3 миллиону (25,6 пайызы) - Америка континентинде. Ошентип, Европага, Борбор Азияга жана Америка континентине бардык эмгек мигранттарынын жалпы 63,3 пайызы туура келет.

Араб мамлекеттери жана Азия-Тынч океан региону болжол менен 24 миллион эмгек мигрантын кабыл алышат, бул жалпы эмгек мигранттарынын 28,5 пайызын түзөт.

Африкада 13,7 миллион эмгек мигранты бар, б.а. бул жалпы санынын 8,1 пайызын түзөт.

Эмгек мигранттарынын көпчүлүгүн - 99 миллионун эркек, 70 миллионун аялдар түзөт.

Аялдар эмгек мигранты катары социалдык жана экономикалык мүнөздөгү кыйла тоскоолдуктарга туш болушат жана көбүнчө жумуш издөө максатында эмес, үй-бүлө мүчөлөрүн коштоочу катары миграциялашат. Жумушка орношууда алар көбүнчө гендердик басмырлоого жана байланыштардын жоктугуна дуушар болушат, бул чет өлкөдө жумуш менен үй-бүлөлүк жашоону айкалыштырууну кыйындатат.

Жумуш издеп миграцияга кеткен жаштар көбөйүүдө

2017-жылдан 2019-жылга чейинки мезгилде эл аралык эмгек мигранттарынын арасында жаштардын үлүшү 8,3 пайыздан 10,0 пайызга чейин өскөн. Бул өсүш көптөгөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү жаштар арасындагы жумушсуздуктун жогорку деңгээлине байланыштуу болушу мүмкүн. Эмгек мигранттарынын басымдуу көпчүлүгүн (86,5 пайызын) дагы деле болсо эмгекке жарамдуу курактагы адамдар (25-64 жаш) түзөт.

Эмгек мигранттарынын жумушунун негизги булагы – кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү

Көптөгөн региондордо эмгек мигранттары жумушчу күчүнүн маанилүү бөлүгүн түзүп, барган өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошушат жана саламаттыкты сактоо, транспорт, кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү, айыл чарбасы жана тамак-аш өнөр жайы сыяктуу маанилүү тармактарда негизги иштерди аткарып келишет.

Баяндамада келтирилген маалыматтар боюнча эмгек мигранттарынын 66,2 пайызы - кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө, 26,7 пайызы - өнөр жайда, 7,1 пайызы айыл чарбасында иштешет. Бирок, ошону менен бирге тармактар​​ортосунда гендердик мүнөздөгү олуттуу айырмачылыктар орун алган: башка секторлорго караганда кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө эмгек мигранттарынын арасында аялдар көп, бул бир жагынан, багып-кароо чөйрөсүндөгү кызматкерлерге, анын ичинде саламаттыкты сактоо жана үй жумуштарына болгон талаптын өсүшү менен түшүндүрүлөт. Өнөр жайында эркек мигранттардын үлүшү жогору.

"Эмгек миграция жаатындагы саясат сапаттуу статистикалык маалыматтар болмоюнча натыйжалуу болбойт", - дейт Эл аралык эмгек уюмунун башкы статисти, Статистика департаментинин директору Рафаэль Диез де Медина (Rafael Diez de Medina). - Бул баяндамада ишеничтүү усулдуктарга жана өз ара кошумчалаган булактардан алынган маалыматтардан түзүлгөн негиздүү баалоолор келтирилет. Бул дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр үчүн жумушчу күчкө болгон суроо-талаптын жана сунуштун өзгөрүүсүнө жооп берүүчү чараларды издөөдө, инновацияларга көмөктөшүүдө, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууда жана көндүмдөрдү которууга жана өркүндөтүүгө жардам бериши мүмкүн".

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2352