Максатым - шаардын жашоочуларынын койгон талаптарын ишке ашырып, курч маселелерин чечүү
RU

Максатым - шаардын жашоочуларынын койгон талаптарын ишке ашырып, курч маселелерин чечүү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

11-июлда Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан партиялардын ичинен "Эмгек" саясий партиясы өзгөчө уникалдуу экени талашсыз. Партиянын курамында иштермандар, менеджерлер жана чарбачыл инсандар көп. Алар көп сандагы жумуш орундарды түзүп, өлкөбүздүн, анын ичинде Бишкек шаарыбыздын экономикасын өнүктүрүүгө салып кошуп, карапайым элге бир топ колунан келген жардамдарын берип келишет. Мына ошондой адамдардын бири "Эмгек" партиясынан Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер Бактыбек Абдиев менен маек курдук.

Саламатсызбы Бактыбек мырза. Сиз ишкерлик чөйрөсүндө жүрүп, кантип саясатка аралашып калдыңыз эле?

Саламатсызбы. Мен иштеп жүргөндө көп тоскоолдуктарга, мына ушул муниципалдык, айрыкча ушул архитектура жагында уруксаат алууда бюрократия жагынан ишкерлерге тоскоолдуктар болоорун көп көрдүм. Ошондой эле эл арасында жүргөндүктөн элдин көптөгөн көйгөйлөрүн көрүп, ошол көйгөйлөрдү чечип, элибизге жана мамлекетибизге өз салымымды кошоюн деген максатта мындан беш жыл мурун Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына аттангам. Шайлоодо элдин чоң ишенимге ээ болуп, шаардык кеңештин 27-чакырылышын депутат болуп келип, элдин кызыкчылыгын колумдан келишинче коргоп келе жатам. Мындан ары да коргой берем.

Айтсаңыз, сиз депутат катары акыркы 4-жылдын ичинде Бишкек шаардык кеңеште кандай демилгелерди көтөрүп жана эмнелердин өтөөсүнө чыга алдыңыз?

Депутат катары көтөргөн демилгем жана жашоочулардын кайрылуусу менен бир топ актуалдуу маселелерди чечүүгө жетише алдым. Тагыраагы "Көлмө" жана "Алтын-Бешик" жаңы конуштары боюнча канализациянын жоктугунан келип чыккан курч көйгөйдү чечип, Махатма Ганди, Курулуш, Жаңылык, Биримдик көчөлөрүнө 5 млн сомго, узундугу 2,5 километрге созулган канализация салынды. Андан сырткары № 46, 47, 48, 50 жана 51-кварталдардагы Достук, Жаштык, Сейил, Теңдик, Тынчтык, Илим, Жеткинчек, Максат, Азаттык, Насыйкат, Акжолтой, Республика, Козу-Баглан, Алтын-Бешик жана Жаз көчөлөрүнө соргуч станциясы менен канализациялык түйүн өткөрүү боюнча долбоор иштелип чыкты. Ошондой эле 2019-жылы №45, 48, 49, 59 кварталдардагы канализациялык түйүндү тейлөө "Бишкек сууканал" ишканасына өткөрүлдү. Аны менен бирге эле 2017-жылдан, 2021-жылга чейин бул жаңы конуштун 80-90 пайызы жарыктандырылды. Жаз, Долон, Козу-Баглан, Айкөл, Республика, Мыскал көчөлөрүнө узундугу 2 км суу соргуч дренаж куруу долбоору иштелип чыкты.

Ал эми "Жеңиш" жаңы конушунда 15 жылдан бери чечилбеген маселе дренаждык системаны тазалоо болгон. 2,5 километрге созулган дренаждык система тазаланып, тазалоочу соргуч коюлду. Ошондой эле борбордук магистралдык канализациялык түйүн курулду. Пригородная 3,4,5 жана 7 көчөлөрүнө жарыктандырылды.

Саясат адамды өзгөртөт, бузат деп коюшат го. Өзүңүздөн ушул нерсени байкай алдыңызбы?

Абдан жакшы суроо экен. Мен өзүмө толук ишенем жана саясатка келгени 100 пайыз өзгөргөн жокмун деп айта алам. Жакын туугандарым, досторум да айтып калат, менин өзгөрүлбөгөнүмдү. Негизи эле мен саясатка терең аралашып, кандай гана кызматка барбайын мени бийлик өзгөртпөйт. Мен буга өзүм кепилдик берем жана өзүмө-өзүм ишенем.

Эки кишинин башы бириккен жерде эле "күбүр-шыбыр" болуп, шайлоолор жөнүндө сүйлөшүп, бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугу ашкере саясатташып кетти. Деги эле жаратман лидерлерден түзүлгөн "Эмгек" партиясынын өкүлү катары айтсаңыз, элдин ашкере саясатташып кетүүсүнө эмне себеп болууда?

Чынында эле эки адам чогулган жерде саясатты сүйлөшүп, элибиз саясат менен алек болуп калды. Мунун баары өлкөбүздө жумуш орундарынын жетиштүү деңгээлде жоктугу да түрткү болуп жатат десем туура болот. Эл жумуш орун менен камсыз болбосо, анан айла жок саясатты талкуулабаганда эмне кылышат эле. Эгер элибиз жумуш менен камсыз болуп, татыктуу айлык-акы алса, саясатка көңүл бурууга деле убактылары болбойт. Анткени, жумуштарынан чарчап келип, үй-бүлөсүнө көңүл бурганга араң убакыт табат. Ошондуктан жумуш орундарын түзүүгө аракет кылышыбыз керек. Бул иштерди ким жасайт? Албетте бул тармакта тажрыйбасы бар, буга чейин жумуш орундарын түзүп, элдин социалдык маселелерин чечип келген адамдар гана жасай алат. Сөзүмдүн башында айтып кеткендей эле, мындай иштерди жасоого биздин партиянын катарынан шайлоого аттанган талапкерлердин колунан келет. Себеп, алардын айрымдары жумуш орундарын түзүп, элдин ар кандай көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берип келе жатат. Ошондуктан мен ойлойм, адамдар саясат менен алектенээрден мурда, алдына чоң максаттарды коюп жана эмгек кылыш керек. Ошондой эле жакындарыңдын маселелерин чечип бергенден кийин элдин жүгүн моюнга ала турган убакыт саат келип, ички дүйнөң даяр болот. Ошондо гана элдин жүгүн көтөрүүгө бел байлаш керекго.

Сиз "Эмгек" партиясы аркылуу кайрадан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер катары шайлоого бара жатасыз. Бул партияны тандап алууңузга эмне түрткү болду?

2016-жылы саясатка аттанып, депутат болуп Бишкек шаардык кеңешке келгем. Анда элге, шаарыбызга пайдалуу иштерди кылуу негизги максатым болгон. Мына азыр да шаарыбызды алдыга жылдырып, өнүктүрүп жана элдин койгон талаптарын ишке ашырып, шаардын жашоочуларынын курч маселелерин чечүү боюнча ишти андан ары улантайын деген максатта кайрадан шайлоого баратам. Ушундай максаттардын тегерегинде элдин көйгөйлөрүн көтөрүп, эл үчүн иштеп келе жаткан эң абройлуу шаардык кеңештин мурдагы депутаттары, билимдүү жана демилгелүү жаштар ушул партияга биригип, кайрадан шайлоого баратабыз. Тагыраагы бир тилектеш, тажрыйбалуу өндүрүшчүлөр жана өз өлкөсүн сүйгөн патриот адамдар "Эмгек" партиясынын курамына чогула алдык. Партиянын курамын карасак, эл арасынан суурулуп чыккан, духу күчтүү, жаратман, тажрыйбалуу, жаш лидерлер көп. Партиябыз алдына чоң максаттарды коюп жатат. Программабызда айрыкча Бишкекти өнүктүрүү үчүн эфективдүү башкаруу, жашыл экономика, экологиялык коопсуздук, шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, бишкектиктердин коопсуздугу, транспорт саясаты жана башка ушул сыяктуу жакшы долбоорлорду ишке ашырып, шаардыктарга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзсөк деген пландарды жана максаттарды коюп жатабыз.

Бактыбек мырза өзүңүз да айтып калдыңыз, "Эмгек" партиясынын программасында маданият, туризм тармагын өнүктүрүү жагы каралганбы жана каралса эмнелер каралганын билгибиз келип турат.

Албетте, Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча партиянын программасында маданият, спорт жана туризм тармагы да каралган. Бишкекте тарыхый баалуулуктарды жайылткан бир дагы маданий жана эс алуу борборубуз жок экен. Аны "Манас" Айылы комплексинин базасында ачсак болот. Биз аны эл аралык тарых, маданият жана туризм борборуна айланткыбыз келет. Ошондой эле "Эмгек" партиясынын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков агабыз айткандай, шаарга тарихий заманбап музейлерди жана китепканаларды салышыбыз керек. Өзгөчө тарыхтагы баатырларыбызды, чыгармачылык жактан улуу жазуучубуз Чыңгыз Айматов же мамлекетке эмгеги сиңген мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев сыяктуу улуу инсандардын заманбап музейлерин ачышыбыз керек. Мындай музейлерди айрыкча өзүбүздүн жаш муундарыбыз үчүн, шаарга келген туристтер үчүн калтырып кетишибиз зарыл.

- Кызыктуу маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз, кааларыбыз алдыга коюлган ой-максаттарыңыздын баары орундалсын.

Чоң рахмат. Сизге да бекем ден соолук, узун өмүр жана иштериңерге ийгилик каалайм. Ал эми шайлоодо ар бирибиз татыктуу тандоо жасап, сүйүктүү Бишкек шаарыбызды бирге өнүктүрөлү! Биз жеңгенбиз. Биз жеңебиз!

АБДИЕВ БАКТЫБЕК КЕМЕЛОВИЧ

51 жашта. Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда туулган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Жогорку билимдүү. 1988-жылы Кыргыз мамлекеттик аскер лицейин (мурдагы Суворов аскер окуу жайын) бүтүргөн. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университеттинин "Юриспруденция" факультетин аяктаган.

Бишкек шаардык кеңешинин 27-чакырылышынын депутаты, "Регламент, этика, укуктук маселелер жана тартип сактоо" боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.

90-жылдардан тартып Бишкекте ишкерлик менен алектенген. Жеке ишкер катары борбор калаадагы жаңы конуштардын жүздөгөн жашоочуларын жумуш менен камсыз кылган. Ар дайым калктын аз камсыз болгон катмарына кайрымдуулук кылып келет.

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 90а. Буйуртмачы: "Эмгек партиясы" саясий партиясы. Партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Омуралиева М.З. тарабынан "Эмгек партиясы" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү.

Чыга турган күнү: 04.07.2021-ж. Нускасы: 1.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2384