Бүгүн Бишкекте кинотеатрлар, фуд-корттор жана копьютердик клубдар ачылды
RU

Бүгүн Бишкекте кинотеатрлар, фуд-корттор жана копьютердик клубдар ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-декабрда Бишкектеги кинотеатрлар, фуд-корттор жана компьютердик клубдар өз ишин жандандырышты. Бул тууралуу брифинг учурунда вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.

Эске салсак, буга чейин кинотеатр менен соода борборлорундагы тамак-аш саткан жайлар 19-ноябрдан тартып иштей башташат, деген маалымат тараган. Бирок алар ачылган эмес, анткени бийлик жоопкерчиликти өзүнө алуудан баш тарткан. Кийин өкмөттө мекемелердин ачылуусу үчүн Бишкектин мэриясын жооптуу кылып дайындашты.

Чыныбаева кинотеатрлар жана башка мекемелер кандай шартта иштей турганын эскертти: ишкерлер тиешелүү шарттардын бардыгын түзүп, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды дыкат аткарууга милдеттүү.

"Алар иш башталаарда, күнүмдүк "кирүү фильтрин" уюштуруп, антисептиктерди орнотушу керек, күндө нымдуу "уборка" жасап кызматкерлер жана кардарларга бет кап тагынуу режимин киргизүүсү зарыл, мекемени ар дайым желдетип туруусу шарт. Кинотеатрлар менен компьютердик клубдар кардарларын шахмат түрүндө отургузууну көзөмөлдөшү керек. Коомдук тамактануу жана көңүл ачуучу жайлар отуруу орундарын чектеп, жалпы сандын 50%ын

гана толтурууга тийиш", - деди Чыныбаева.

Ал эми массалык иш чараларга дагы деле тыюу салынган.

"Ишкерлерибиздин жана соода түйүндөрдүн, дүкөндөрдүн, такси жана коомдук транспорт ээлерин бардык шарттарды так аткарууга чакырам. Эгер оору жузугуу тутуму аныкталса, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын талаптарына кайдыгер мамиле жасалса, айып-пуцл салуу санкциялары колдонулуп, убактылуу ишмердүүлугун токтотулат", - деп вице-мэр эскертти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/23