Жалал-Абад облусунда канализациядан эки адамдын жансыз денелери табылган
RU

Жалал-Абад облусунда канализациядан эки адамдын жансыз денелери табылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кудуктан жансыз денелери табылган 2 адам боюнча облустук милиция маалымат берди. Бул тууралуу super.kg жазган

"15-июль күнү саат 15:20да Базар-Коргон РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Чарбак айылында суу түтүктөрүн оңдоо иштерин жүргүзүп жатып, 2 жарандын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Аталган маалымат боюнча Базар-Коргон РИИБинин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, жансыз денелерге сырттан кароо жүргүзгөн учурда эч кандай жарааттар байкалган эмес.

Кудуктун бийиктиги 2,5 метрди түзүп, ичинде суу жок болгон. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Каза болгон жарандар Базар-Коргон районунун 1976-жылы туулган тургуну К.Т. жана Чүй облусунун Сокулук районунун 2003 жылы туулган тургуну А.К. аттуу жарандар болгон. Алар таза суу ишканасынын жумушчулары экендиги белгилүү болгон. Таза суу кудугунда каза болгон жарандардын өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2619