Ак үйдөгү кабинеттен чемпиондук курлар жоголду. Чиновник аларды кайтарып берүүнү суранды
RU

Ак үйдөгү кабинеттен чемпиондук курлар жоголду. Чиновник аларды кайтарып берүүнү суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Данияр Сыдыковдун кабинетинен ММАнын мушкери Азиз Сатыбалдиевдин чемпиондук курлары жоголгон. Бул тууралуу ал өзүнун Instagram'дагы аккаунтуна жазган.

Сыдыков жазгандай октябрдык окуялар учурунда Ак үйдөгү бардык кабинеттер тонолуп, вандализмге дуушар болгон.

"Менин кабинетим да четте калтырылган эмес. Бир гана нерсе аябай өкүндүрөт: кабинетимде мен сыймыктануу менен Азиз Сатыбалдиевдин үч чемпиондук курун сактап келгем. Азиз ал курларын мага ырымдап берди эле, ошол үч куур жоголуп кеткен", - деп белгилеген.

Данияр Сыдыковдун айтымында бул үч чемпиондук курга бир нече жылдык өмүр, машыгуулар, эмгек жана тер жумшалган.

"Алар Азизге эле эмес, өзгөчө мага, анан биздин Мекен үчүн да кымбат деп ишенем. Чемпионубуздун курларын кайтарып берүүгө жардам бере ала турган жарандарыбызга кайрылып жатам. Суранам, үч чемпиондук курду табууга жардам бергиле".

Белгилей кетсек, Сатыбалдиев эрежесиз эр мушташ боюнча 23 беттеш өткөрүп, анын 17синде жеңишке жетип, 6 ирет утулуп калган. WEF Global, WEF Grand Prix, Road Fighting Championships'тун чемпиону.

Быйыл UFC менен келишимге кол койду, анын дебюту 2021-жылы болуусу күтүлүүдө.

Эске салсак, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразычылык митингинен кийин, каршылыкка чыккандар Ак үйдү басып алышкан. Ал жерде президенттин аппараты жана Жогорку Кеңештин депутаттары иш алып барышат. Ошол эле түнү кабинеттер таланып-тонолуп, жетинчи кабат өрттөлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/26