ГЭСтерде суу топтолуп, кышкысын жарык өчпөйт деген үмүт бар
RU

ГЭСтерде суу топтолуп, кышкысын жарык өчпөйт деген үмүт бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев Токтогул ГЭСинде, Үч-Коргон ГЭС, Шамалды-Сай ГЭС, Күрп-Сай ГЭС, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринде жүргүзүлүп жаткан күз-кыш мезгилинде даярдык иштеринин жүрүшүн көрдү. Бул тууралуу Энергетика жана өндүрүш министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Таалайбек Ибраев электр станциялардын жылытуу мезгилинде калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, күз-кыш мезгилине даярдык иштерин өз мөөнөтүндө бүткөрүү тапшырмасын берди.

Муну менен катар Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары жеринде техникалык кызматкерлерге жумушчу кеңешме өткөрдү. Анда бардык станциялардагы оңдоо иштерин сапаттуу жүргүзүүнүн зарылдыгына токтолду.

Ошондой эле Таалайбек Ибраев Токтогул ГЭСин реабилитациялоо жумуштарынын жүрүшү менен таанышып, суу сактагычтагы суунун деңгээлин көрдү.

Эскерте кетсек, учурда Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли 11 миллиарддан ашты. Бул бул былтыркы жылдын ушул айларына салыштырмалуу азыраак. Суу сактагычта суунун аздыгы табигий көрүнүш. Бирок учурда жаз айларына салыштырмалуу суунун дэңгээли көтөрүлүүлдө.1-октябрга чейин 13 млрд 200 миллион кубометр топтолот деген божомол бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2707