Экс-спикер Дастан Жумабеков Талас облусунун көк-бөрү федерациясын жетектейт
RU

Экс-спикер Дастан Жумабеков Талас облусунун көк-бөрү федерациясын жетектейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурунку парламенттин спикери Дастан Жумабеков Талас облусундагы Көк-бөрү федерациясын жетектейт. Бул маалыматты Кыргызстандын Көк-бөрү федерациясы тастыктады.

Белгилей кетсек, буга чейин облустук федерацияны Жылдызбек Музуратбеков башкарып келген. Жакында эле ал жасаган иштери жана облустун көк-бөру командасынын жетишкен ийгиликтери боюнча өзүнүн Instagram баракчасына отчет жасаган.

Белгилүү болгондой, облустук федерациянын президентин республикалык федерация дайындабайт, аны ошол уюмдун мүчөлөру тандап алышат.

Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин депутаты, алы 2017-жылдан 2020-жылга чейин парламентти башкарып келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2746