Бишкектен Балыкчыга бараткан поезд бузулуп, эки саат жолдо токтоп турду
RU

Бишкектен Балыкчыга бараткан поезд бузулуп, эки саат жолдо токтоп турду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

26-июлда, саат 09:44тө, Бишкек - Балыкчы поезди "Быстровка" станциясында эки саат турууга аргасыз болду. Себеби тепловоздун кыймылдаткычы бузулган. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

"Тепловоздо көйгөйлөр бар экенин билээрибиз менен дароо аны алмаштыруу чарасы көрүлдү. Ага 1 саат 48 мүнөт керектелди. Андан ары поезд өз жолун улантты", - деп компания билдирди. Ишкана, келтирген ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2750