УКМК Кыргызстанда террористик акт даярдаган жоочуну кармады
RU

УКМК Кыргызстанда террористик акт даярдаган жоочуну кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2020 жылдын 31-декабрында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, кошуна мамлекеттин атайын күчтөрү менен биргеликте, Кыргызстанда пландаштырылган террактын алдын алышты. Бул тууралуу УКМКнын пресс-кызматы маалымадайт.

Сотко чейинки иш өндүрүштө Ош областында Кыргыз республикасынын кылмыш кодексинин 239 "Терроризм" беренеси боюнча 1998-жылкы Кыргызстандын жараны кармалды. Ошондой эле ал эл аралык террористик уюмдун мүчөсү экендиги аныкталган. Уюмдун башкаруучуларынын буйругуна ылайык, колго жасалган жардыргычты областагы аскердик бөлүмдөрүнүн бирисинде жардыруу үчүн даярдалган.

Тинтүү учурунда УКМКнын маалыматы боюнча кармалгандын үйүндө камуфляж формасы, аскердик бут кийим, бинокль, бычак жана чет тилиндеги китепчелер табылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/279