Бишкектеги Ала-Арча дарыясындагы кар жана музду тазалай башташты
RU

Бишкектеги Ала-Арча дарыясындагы кар жана музду тазалай башташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бишкекзеленхоз" муниципалдык мекеменин кызматкерлери Ала-Арча суусунун агымын жогорулатуу үчүн тоңуп калган муздарды чаап, тазалай башташты.

Музду сындыруу иштери Лев Толстой жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде жүрүп жатат.

"Иштин татаалдыгына жараша эки ыкманы колдонуп жатабыз: жеңилирээк жерлерин колго сындырабыз, катуураактарын механикалык түрдө. Азыркы учурда кызматкерлерибиз музду колго чаап жатышат, декабрдын орто ченинде муз мындан да калың болуп калат, ошондо атайын техниканы колдонууга туура келет", - деп билидрүүдө жазылган.

Бул иш чаралар муздун бир жерге чогулуп калуусун алдын алууга багытталган. Себеби күн жылыгында алар ээрип, жакын аралыкта жайгашкан үйлөрдү жана имараттарды суу каптап кетиши мүмкүн.

Ылай аралаш муз көпчүлүк учурда аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам пайда болот. Бул масса сууларды иргөөчү тосмолорго тыгылып, ал өз кезегинде дарыянын жээгинен чыгып кетүүсүнө алып келүүдө, деп мэрия түшүндүрдү.

Ала-Арча дарыясынын абалына "Бишкекзеленхоз" жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көз салып турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/27