Ысык-Көлдө аба-ырайы кандай? (фото, видео)
RU

Ысык-Көлдө аба-ырайы кандай? (фото, видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн Балыкчыда, Кескен-Бел ашуусунда, Кара-Талаа жана Оттук айылында нөшөрлөгөн жаан жаап, кыян жүрдү.

Ысык-Көл облусундагы азыркы аба-ырайы тууралуу окурмандарыбыз айтып беришти. Алардын айтымында, айрым райондордо, маселен, Балыкчыдан тартып Бостери айылына чейин дагы деле төгүп жатат.

"Биз азыр Караколдобуз, жаан тынбай жаап жатат", - деп окурман билдирди.

Чолпон-Атада жаан токтоп күн ачылды.

Бөкөнбаев айылында күн бүркөлүп турат.

Ал эми Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында шамаал булуттарды айдап, күн тийген.

Григорьев капчыгайында күн ачык.

Саруу айылында, түн ортосунан түшкө чейин жаан бир калыпта жаады. Учурда салкын жел жүрүп жатат.

Чок-Талда күндүн көзү ачыла элек.

Дем алыш күндөрү Ысык-Көл облусунда аба-ырайы кандай болот?

30-31-июлда облустун көпчүлүк аймагында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт.

31-июль күнү күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

1-августта, түнкүсүн асман ачык болот. Ал эми күндүз, тоолу аймактарга жаан жаайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2830