Бишкектеги аба өтө кир болгондуктан өзгөчө абал киргизүү сунушталууда
RU

Бишкектеги аба өтө кир болгондуктан өзгөчө абал киргизүү сунушталууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эгер чара көрбөсөк, биз ковидден эмес, абанын кирдигинен өлө баштайбыз, деп өзүнүн Facebook баракчасына Биринчи балдар хосписинин директору Ольга Труханова жазган.

Ал борбор шаарыбызда экологиялык өзгөчө абалды киргизүүну сунуштап жатат.

"Унаалар АИ-80 куйдуруп айдашат, адамдар үйлөрүн чүпөрөк менен жагышат, ал эми акчасы барлар ойлонбой туруп, көп кабаттуу үйлөрду салып салышты, ТЭЦ түтөтүп жатат", - деп белгиледи Труханова.

Хоспистин директору Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун данныйларын мисал келтирди. Ага ылайык, атмосфералык абанын кирдеши дүйнө жүзү боюнча өлүмгө алып келген негизги себептердин бири болуп саналат.

"Анын кесепети тез жардам чакыртып, госпитализациялоодон тартып, мезгилинен эрте өлүмгө себепкер болуу деген натыйжаларга алып келүүдө.

Маалыматка ылайык, дүйнө жүзүндө атмосфералык абанын кирдешинен 4,2 миллионго чукул адам мезгилинен эрте кайтыш болуп жатышат. Анын негизги себептери жүрөк оорулары, инсульт, өпкө оорулары, балдардын дем алуу органдарынын оорулары", - деп белгиледи Ольга Труханова.

Атмосфералык абанын кирдигинин айынан төмөнкү көрсөткүч жаралды:

29% Ооруга жана өлүмгө алып келген өпкөнүн рагы жана башка оорулары;

17% Ооруга жана өлүмгө алып келген төмөнкү дем алуу органдарынын курч инфекциялары;

24% инсульттун бардык учурлары;

25% жүрөктүн ишемия оорусунун бардык учурлары;

43% өпкө ооруларынын өнөкөт жана обструктивдүү оорусунун бардык учурлары.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/288