Кыргызстанга ПСЖнин түрк филиалынын жетекчилери келди. Алар жаш футболчуларга баа беришет
RU

Кыргызстанга ПСЖнин түрк филиалынын жетекчилери келди. Алар жаш футболчуларга баа беришет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанга "Пари Сен-Жермен" футбол академиясынын түрк филиалынын өкүлдөрү келишти. Алар канттык "Абдыш-Ата" клубу менен макулдашуу түзүшөт.

"Абдыш-Ата" футбол клубу Kaktus.media'га билдиргендей Кыргызстанга академиянын эки өкүлү келген - ПСЖнин Түркиядагы регионалдык директору Огурлу Нихат жана техникалык директору Гезмиш Хамза.

Белгиленгендей тараптар жаш футболчуларды даярдап, андан ары чет өлкөлүк клубдарга жөнөтүү боюнча макулдашуу түзүшөт.

Андан тышкары академиянын өкүлдөрү үч күн бою "Абдыш-Ата" футбол мектебинин жергиликтүү тренерлерин окутушат.

"Европа клубдарына барып ойноо - бул биздин футболчулар үчүн укмуштуудай мүмкүнчүлүк, анын үстүнө ПСЖнин өзүнө түздөн-түз эшик ачылып жатат", - деп "Абдыш-Атадан" билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/28