Өзгөчө абал учурунда кызматынан бошотулган Ленин РИИБсинин жетекчиси кайра ишине кайтты
RU

Өзгөчө абал учурунда кызматынан бошотулган Ленин РИИБсинин жетекчиси кайра ишине кайтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кызматынан мыйзамсыз бошотулган Бишкектин Ленин РИИБсинин жетекчиси Мадияр Кулуев кайра өз ордуна кайтып келди. Бул тууралуу Kaktus.media'га күч структураларынын кызматкерлери кабарлашты.

Алардын айтымында, Кулуев сот иштерин жеңип чыккандан кийин кайрадан РИИБнин жетекчиси кызматына кайтып келди.

Бүгүн, 2-декабрда аны жеке курамдын алдында тааныштырышкан, Кулуев милдеттерин аткарууга киришти.

Эске салсак, Кулуев ушул жылдын 7-апрелинде кызматынан алынган. Ага коюлган күнөөгө ылайык Кулуев өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарган эмес, жеке курам көзөмөлсүз калган, тарбиялык иштер жүргүзүлгөн эмес, Бишкектин коммендатурасынын жетекчилеринин буйруктарын аткаруудан баш тарткан, дисциплинардык уставды бузган имиш. Ички иштердин башкы башкармалыгы тарабынан 3-апрелде түзүлгөн комиссия одоно бузууларды аныктагандыгы маалымдалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/29