Күндүн видеосу: Афганистандыктар АКШнин учагынын артынан чуркап, тебелендиге калып жатышат
RU

Күндүн видеосу: Афганистандыктар АКШнин учагынын артынан чуркап, тебелендиге калып жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Интернетке Кабулдун аэропортундагылар АКШнин ВВСинин учагынын артынан чуркаган адамдардын видеосу жайылып кеткен. Анда, афганистандыктар самолетко жармашып, учуп кетүүгө аракет кылып жаткандарын көрүүгө болот.

Самолет учуучу жолго чыгып, күүлөнүп баратканда да анын дөңгөлөктөрүнө жана башка конструкцияларына жармашууга аракет кылып жаткандар көп. Кйийнчерээк учак асманга көтөрүлгөндө, андан кулап түшкөн адамдардын кадрлары да чыккан.

Белгилей кетсек, Кабулдун аэропорту коммерциялык рейтсердин бардыгы токтотулганын жарыялады. Бир нече авикомпания Афганистандын аба мейкиндигине кирбөөгө аракет кылып жаткандыгын билдиришти.

Эске салсак, 15-августта "Талибан" кыймылы Афганистанды толугу менен басып алганын маалымдады. Өлкөнүн президенти Ашраф Гани ыйгарым укугун өткөрүп берип, мамлекеттин аймагынан чыгып кеткен. Айрым маалыматтарга ылайык, учурда ал Душанбеде. Бирок Тажикстандын ТИМи анын учагы республиканын аба мейкиндигине кирбегенин жана конбогонун билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3030