АКШ БААУда Ооганстандан келген 150 студентти каржылоого даяр
RU

АКШ БААУда Ооганстандан келген 150 студентти каржылоого даяр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 18-августта тышкы иштер министри Руслан Казакбаев АКШнын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельцерди жана АКШнын Кыргызстандагы миссиясынын башчысынын орун басары Соната Култерди кабыл алды. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Руслан Казакбаев америкалык тарапка кыргыз жарандарын коопсуз эвакуациялоо боюнча казак тарап менен биргелешкен иш-аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди. Тараптар ошондой эле Кыргызстандын жарандары болгон балдарды жана аялдарды Сирия менен Ирактан эвакуациялоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Америкалык тарап Кыргызстандын Ооганстан жарандарына студенттик виза берүү чечимин колдоду жана АКШнын ушул этапта Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университетинде 150гө чейин ооган студенттерин каржылоого даяр экенин билдирди.

Тараптар ошондой эле кызматташуу боюнча негизги келишимдин долбоорун жана эки тараптуу мамилелердин башка аспектилерин талкуулашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3074