Клара Сооронкулова: Жогорку Кеңеш бизди шайлоо жана шайлануу укугубуздан ажыратты
RU

Клара Сооронкулова: Жогорку Кеңеш бизди шайлоо жана шайлануу укугубуздан ажыратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-декабрда, Конституциялык палатанын соттору активисттер жана "Реформа" саясий партиясынын кайрылуусун карап жатат. Кайрылуучулар Конституциялык мыйзамдын 1 жана 2 беренелерине ылайык, Жогорку Кеңештин шайлоосун белгисиз мөөнөткө жылдырылышы КРдин Конституциясынын бир нече беренелерине карама-каршы чыгып жатканын моюндап коюууну суранышты.

Конституциялык палатанын жыйынында "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова чыгып сөз сүйлөдү.

"Мен башкысына токтолгум келип турат - биринчи кезекте шайлоочулардын укугу бузулду: эки конституциялык мыйзамдын иш аракетин токтотуу менен Жогорку Кеңеш мындайча айтканда, бизди шайлоо жана шайлануу укугубуздан ажыратып жатат.

Жогорку Кеңеш конституциялык реформа өткөрүү керектиги баса белгиленип, өлкөнүн партиялык эмес мандаттык шайлоо системасына өтүү идеясынын жайылтылышына күбө болуп жатабыз. Бирок цикл аягына чыга элек да.

Конституциялык реформанын бардык катышуучулары аны жыйынтыкташы керек, ошондуктан БШК шайлоону 20-декабрга дайындаган. Венециялык комиссия да аны өз корутундусунда көрсөткөн.

Бул документтер саясий өңүттө экенин жакшы түшүнүп турасыңар. Силер, Конституциялык палатасыңар, саясатка аралаша албайсыңар. Конституциялык палата бийликти узурпациялоо маселесин карап чыгуудан баш тарткан, эми Конституцияга сунушталып жаткан өзгөрүүлөр узурпацияны мыйзамдаштырууда. Алар шайлоо өткөрүүнүн эмне зарылчылыгы бар, эгер биз суперпрезиденттик республиканы түзүүнү пландаштырып жатсак, деп ачык эле айтып жатышат", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/30