Бензиндин баасы арзандайбы? Рынокто эмне жаңылык?
RU

Бензиндин баасы арзандайбы? Рынокто эмне жаңылык?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эксперттердин божомолдоосуна караганда Кыргызстанда бензиндин баасы дээрлик 60 сомго жетти.

Акыркы беш айда күйүүчү жана майлоочу майдын баасы 10 сомго чейин кымбаттап, айдоочуларды таң калтырууда.

КРдин нефтетрейдерлер биримдигинин директору Заур Кипкеев Kaktus.media редакциясына жакын арада күйүүчү жана майлоочу майдын наркы төмөндөбөй турганын божомолдоп жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан Россиядан келген бензинге абдан көз каранды.

Ушул жылдын март айында Россия ички рыноктогу тартыштыктан жана суроо -талаптан улам кыргыз нефтетрейдерлерине күйүүчү май берүүнү чектеген. Ал эми азыр май ташууда эч кандай көйгөй жок.

Сиз күйүүчү-майлоочу материалдарды Россиянын нефтин кайра иштетүүчү заводдорунан каалаган көлөмдө ала аласыз. Бирок азыр дүң баада көйгөй жаралды.

"Россиянын ички базары кымбат. Башкача айтканда, дүң баалар жада калса жергиликтүү соодагерлер үчүн да көтөрүлгөн. Муну алар көлөмдүн аздыгы жана суроо-талаптын чоңдугу менен түшүндүрүшүүдө. Анткени ковиддик чектөөлөрдөн улам азыр Россиялыктар авто унаалары менен көбүүрөөк саякат кыла башташты", - деп түшүндүрдү Кипкеев.

Белгилей кетчү нерсе, учурда эл аралык котировкалар төмөндөдү. Бирок Россия бааларды ошол боюнча кармап, төмөндөтпөйт.

"Биз жеткирүүчүлөр менен сүйлөшүп, эл аралык котировкаларды алыш керек экенин түшүндүрдүк. Бирок, алар "каалабасаңар албай эле койгула" деп жатышат. Анткени алар ички рынокко бизден кымбат баада сата алышат. Алар биздин өлкө менен иштешүүгө кызыкдар эмес. Себеби биз арзан дүң бааны сунуштайбыз", - дейт Биримдиктин башчысы.

Бул учурда Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводунун бир бөлүгү дайыма оңдоого сарпталаарын эске алуу керек. Ал эми заводдор толук кубаттуулукта иштей баштаганда күйүүчү-майлоочу материалдардын наркынын төмөндөшүн күтүүдөн үмүт үзүш керек.

Казакстан квота бербейт

Мурда биздин өлкө күйүүчү майды Казакстандан сатып алса, быйыл такыр квота бербейт.

Кипкеевдин айтымында буга чейин Казакстан өлкөлөр боюнча квоталарды бөлүштүрүп, 120 миң тоннага жакын күйүүчү-майлоочу материалдарды чыгарган. Азыр казак мунай иштетүүчү заводдору ички рынок үчүн гана иштейт.

Кипкеевдин божомолу боюнча Казакстандан жыл аягына чейин күйүүчү май келбейт.

"Биз Рассияга көз карандыбыз. Түркмөнстандан келүүчү белгилүү товарлар бар. Бирок, биздин логистика республиканын түштүгүндө гана бар. Аны түндүккө алып баруунун эч кандай мааниси жок. Анткени түркмөн бензини Рассияныкынан кымбат болот", - деди ал. .

Ички өндүрүштү өнүктүрүү

Азырынча күйүүчү-майлоочу майлардын баасын жөнгө салуунун жалгыз жолу - өзүбүздүн өндүрүштү өнүктүрүү.

Кипкеевдин айтымында, атамекендик мунайды кайра иштетүүчү заводдорунда мунай көйгөйү жок. Алар даяр. Бирок бул бензиндин сапаты биз күткөндөй эмес.

Жергиликтүү мунайды кайра иштетүүчү заводдор AI-80 маркасы гана өндүрө алат. Ал эми жогорку сапаттагы майды талап кылган машинага мындай күйүүчү майды куйса машина бузулат.

Бензиндин арзандашын күтсөк болобу?

Орус күйүүчү майына болгон суроо -талап болжол менен эки айдын ичинде төмөндөйт. Балким ошондо гана дүң баасы бир нече сомго түшөт.

Бирок бензиндин баасы кайрадан жыл башындагыдай болооруна ишенүү кыйын.

Кыргызстандын тарыхында күйүүчү-майлоочу майлардын баалары мурунку жылдардагы деңгээлге түшүү үчүн азырынча эч кандай тажрыйба болгон эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3149