Путин уюлдук телефон колдонбойбу? Президенттин жообу
RU

Путин уюлдук телефон колдонбойбу? Президенттин жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын президенти Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунун пленардык сессиясынын модераторунун суроосуна жооп берип жатып, уюлдук телефон колдонбогонун айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, Чыгыш экономикалык форумунунда пленардык сессиясынын журналисти жана модератору Сергей Брилев мамлекет башчысына кайрылган: "Сиз сахнага чыгарда Ангела Меркель (Германиянын канцлери) эмес экениңизге ынандым. Анткени уюлдук телефонуңуз жаныңызда эмес. Ошондуктан ал иш-чаранын жүрүшүндө шыңгырабайт ",-деди Брилев.

"Менимче, аны байкоо кыйын болгон жок", - деп тамашалады президент.

Ушундан кийин журналист мамлекет башчысынан: "Баса, Владимир Владимирович, сизде уюлдук телефон барбы?",-деп сурады.

"Жок", - деп жооп берди Путин.

Августь айында Кремлде Путин менен Меркелдин жолугушуусунда капысынан Германиянын өкмөт башчысынын телефону шыңгыраган. Ал үнүн өчүргөндү унутуп калса керек. Меркель телефонду чөнтөгүнөн чыгарып, өчүрүп же үнсүз режимге которгон. Путин бул окуяга көңүл бурганын көрсөтпөй, сөзүн уланткан болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3358