Артем Новиков улук лейтенант наамын алды. Кайсы жетишкендиги үчүн?
RU

Артем Новиков улук лейтенант наамын алды. Кайсы жетишкендиги үчүн?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткендеги чек ара конфликтин чечүүгө көргөн аракеттери үчүн Артем Новиковго КРдин куралдуу күчтөрүнүн улук лейтенанты деген наам ыйгарылды.

Сыйлык алып жаткан учурун Новиков өзүнүн Facebook баракчасына жүктөгөн.

Берилген маалыматка ылайык, Новиковго бул наам Баткендеги конфликт учурунда күч структураларын жана мамлекеттик орагандарды координациялоо, аскер бөлүгү, Коргоо министрлигинин мекемелери жүргүзгөн иштерге ар тараптан колдоо көрсөткөндүгү үчүн мөөнөтүнөн эрте берилди (досрочно).

"Мындай наамды Гагарин анан Артем Эдуардович эле алды. Бул мөөнөтүнөн эрте аскер наамын алуу", - деп сыйлык тапшырып жатканда белгилешти.

Эске салсак, апрелдин соңунда Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймагында чек ара конфликти тутанган. Ошол кезде кырдаалды жөнгө салуучу топту Артем Новиков жетектеген. Ал кезде Новиков министрлер кабинетинин биринчи орун басары болчу.

Учурда Артем Эдуардович Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун төрагасы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3380