Бишкектин мэриясы кандай шарт менен тойканаларды ачуу керек экенин чечип жатат
RU

Бишкектин мэриясы кандай шарт менен тойканаларды ачуу керек экенин чечип жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Учурда ресторандардын жана мааракелерди өткөрүүчү залдардын иштөө алгоритми талкууланып жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Ал рестораторлор сактай турган шарттар каралып жаткандыгын тактады.

"Ашкана кандай болууга тийиш, официанттардын кийими кандай болуш керек, кандай шарттар сакталуусу зарыл. Биз супермаркеттерден чектөөлөрдү алдык, кечээ кинотеатрлар менен фуд-корттор ишин баштады. Учурда мектеп менен бакчалар эле иштей элек", - деди Түлөбаев.

Эске салсак, мааракелерди өткөрө турган мекемелер (тойканалар) падемия башталган учурдан тартып ачыла элек. Айрым менчик ээлери тымызын иштеп башташкан, аларга айып пул салынганы менен ишин токтотушкан эмес. Рестораторлор бир нече жолу бийликке кайрылып, иштөөсүнө уруксат берүүсүн өтүнүшкөн. Себеби үй-бүлөлөрүн багуу керектигин белгилешкен. Ресторандык тармакта 200 миңден ашык адам эмгектенет. Анын ичинде алып баруучулар, фотографтар, операторлор, артистер ж.б. кыргызстандыктар кирешесиз калып калышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/33