Учурда популярдуу болуп жаткан беш түрк сериал
RU

Учурда популярдуу болуп жаткан беш түрк сериал

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыркы жылдары түрк сериалдары жакшы тартылып, түрдүү тилдерде жана ар кайсы өлкөлөрдө көп көрүлүп жатат. Анын ичинде Кыргызстанда да ар бир чыгарылышын калтырбай көргөндөр арбын.

Жакында эле дал ушундай түрк сериалында Хюрремдин ролун аткарган Кыргызстандыктарга таанымал Мерьем узерли Кыргызстанга келип кеткен.

Андыктан kaktus.media ошол сыяктуу популярдуу болуп жаткан, орус тилинде көрүүгө мүмкүн болгон акыркы беш түрк сериалын топтоду.

"Сүйүү, акыл, кек". (Любовь, разум, месть)

Башкы каарман Эсра жашоодогу көйгөйлөрүнөн качуу үчүн Озан деген инженер балага турмушка чыгат. Анын билимине, кебетесине маани берип, акылын иштетип гана турмушка чыгууга макул болот. Баш кошуп бираз жашагандан кийин жакшы жашай албай, каржылык жактан кыйналгандыгы үчун кайра ажырашып кетет. Ошондон кийин Озан аябай көп иштеп, бай адамга айланат. Эсра аны газетадан көрүп кайра өзүн сүйдүрүп алууга аракет жасай баштайт. Озан өч алуу үчүн анын айткандарына макул боло баштайт.

"Жаралуу жүрөк". (Разбитое сердце)

Ферит бай, көрүнүктүү үй-бүлөлөнүн мураскору. Айше болсо өз алдынча иштеп бутка турган жаш кыз. Ал Стамбулда жашайт. Ферит ата-энеси тандаган Ханде аттуу кызга үйлөнөм деп жатканда тоюнан бир күн алдын ачылбаган чындыкты билип калат. Мындай окуяга кабылган Ферит Ханде менен эки жолго тушөт. Экөө кокусунан таанышып калган адамдары менен баш кошуп калышат. Бул окуя, достукту сүйүү менен, өткөндү келечек менен жана кумарды сабырдуулук менен сынап жатып, чыныгы сүйүү окуясына айланат. Эки кадыр-барктуу үй-бүлөнүн конфликти Айше менен Фериттин таза сүйүүсүн, жашоосун өзгөртөт.

"Эшигимди как". (Постучись в мою дверь)

Эда Йылдыз университеттин эң мыкты студенти болгон. Ал акыркы жылы чет өлкөдө окуу үчүн да мүмкүнчүлүк утуп алат. Бирок анын стипендиясы акыркы окуу жылында берилбей калат. Ошентип, ал университетти бүтүрө албай эжеси менен иштей баштайт. Серкан Болаттын компаниясы бөлүп берген стипендиясына кайра жетүү үчүн болгон күчүн жумшап, ал менен жолугушууну чечет. Бир күн Серкан жыйын өкөрүп жатканда ал менен каршылашат. Серхан мурунку сүйлөшкөн кызына көрүнүш үчүн Эданы сүйлөшкөн кызы катары көрүнүп берүүнүнү өтүнөт. Ошентип роль ойноп жатып, Серкан Эданы сүйүп калат.

"Бакыт оюну". (Игра в счастье)

Биринчи сүйүүдөн бакыт таба албасам анын айынан түбөлүк бактысыз болом деп ойлогон Аданын окуясы. Ада иштеген фирманын ээси Борго ашык болуп, ошол сүйүүсүнө жетпесем бактылуу боло албайм деп ойлоп жүрө берет. Ал эми Боро сүйүүнүн өзү жок деп ойлойт.

"Күнөөсүздөрдүн үйү". (Дом невинных)

Трагедиялык кино. Ата-энеси маани берип карабай койгон үч бир бир туугандын тагдыры. Инжи кырсыкка кабылып, жашоосу өзгөрөт. Ал кырсыктан кийин аны Хан жана чоң сырларга толгон үй-бүлөсү күтүп турат. Хандын улуу эжелери Сафийе менен Гүлбендин эң чоң коркуусу - бул бир туугандарынан айрылуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3486