Өгөй атасы сабаган алты жашар баладан апасы баш тартты
RU

Өгөй атасы сабаган алты жашар баладан апасы баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өгөй атасы сабаган алты жашар баладан апасы баш тартты. Бул тууралуу Kaktus.media'га баланын адвокаты Шердор Абдыкапаров маалымдады.

"Рамазандын апасы Эркайым баласынан баш тартып камкорчулукту баланын таенесине өткөрүп берди. Эми расмий түрдө Рамазандын таенеси анын ата-энесинин милдетин аткаруучу болуп саналат. Мындан ары Рамазандын ден соолугуна жана өмүрүнө эч кандай коркунуч жаралбайт. Көп адамдар аларга жардам берип, тамак аш, оюнчук, жана окуу куралдарын жөнөтүп жатышат. Бардыгына чоң ыразычылык билдиребиз", - деди юрист.

Белгилей кетсек, Шердор Абдыкапаров баланын жана анын апасынын расмий өкүлү болчу. Бирок апасы Рамазанды сабаган күйөөсүнө тосмо арыз жазып, доом жок деп билдиргенден кийин юрист аялдын кызыкчылыктарын коргоодон баш тарткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/34