Түндө, Ала-Тоо аянтында пакистандык жаранды тоношкон. Шектүүлөр кармалды
RU

Түндө, Ала-Тоо аянтында пакистандык жаранды тоношкон. Шектүүлөр кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте тоноого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ИИБсинин басма сөз кызматы кабарлады.

Берилген маалыматка ылайык, 4-сентябрда Бишкектин ШИИБсинин "102" кызматына, Ала-Тоо аянтында чет элдик жаран тонолду, деген маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматы Пакистандын жараны А.А.дан арызын кабыл алышкан. Анын айтымында, түнкү саат 03.00до, Ала-Тоо аянтында, болжол менен 20-25 жаштагы жигиттер анын iPhone'нун жана $800 күч колдонуп тартып алышкан.

Биринчи май районунун ыкчам кызматкерлери тоноого шектелген 2001-жылкы М.И жана 2002-жылкы Х.У. деген жарандарды камакка алышкан.

Шектүүлөр ШИИБнин убактылуу кармоочу жайында. Тергөө уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3525